• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Нарында оюн аянтчадагы темирге кыздын манжасы кыпчылып калган

Кырсык 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Кечээ, 20-июлда Нарындын Кеңеш айылында мектептин оюн аянтчысындагы темирге окуучу кыздын манжасы кыпчылып калган.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, маалымат түшкөн дарекке үч куткаруучу жардамга чыккан.

Жогоруда аталган айылдын мектебиндеги аянтчада айылдын 10 жаштагы К.А. аттуу кызы ойноп аткан кезде манжасы темирге кыпчылып калганы белгилүү болгон. Куткаруучулар кыздын кыпчылык калган манжасын чыгарып, жардам көрсөтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий