• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында окуучулар арасында жол эрежелерин сактоо боюнча сынак өттү

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-февралда Нарын шаарында жол кыймылынын эрежелерин туура сактоону үйрөткөн сынак өттү. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынак милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, Матен Сыдыков атындагы №7 орто мектепте Нарын облустук милициясынын начальниги Алмазбек Жумабеков жана орун басарларынын катышуусунда өттү.

Иш-чарада өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, рекетчиликтин алдын алуу максатында жана окуучулардын бош убактыларын туура, пайдалуу нерсе менен өткөрүүгө, жолдо жүрүү эрежелерин туура сактоого багытталган атайын сынак уюштурулуп, анда жогорку класстын окуучулары арасында жолдо жүрүүнүн эрежелерин чагылдырган дубал газеталар жана макеттер даярдалып, алардын жасалгалары, кагаз бетине түшүрүлгөн сүрөттөр боюнча мектеп окуучуларына түшүндүрмө берип өтүштү.

Ошондой эле милиция кызматкерлеринин катышуусу менен жол коопсуздугу, жол кыймылынын эрежелери тууралуу ачык сабактар өткөрүлүп, “Биз мектеп рекетине каршыбыз” аталыштагы чакан сценка көргөзүлүп, жолдо жүрүүнүн жаш инспекторлору тарабынан жолдо жүрүү эрежелерин туура сактоо боюнча атайын даярдыктары тартууланып, иш-чара концерттик программа менен улантылды.

Жыйынтыгында аталган иш-чарага активдүү катышкан мектеп окуучуларына жана дубал газета, макеттер боюнча мыкты сүрөттөргө, окуучулардын чыгармачылыктарын эске алуу менен атайын орундар берилип, сыйлыктар, чакан белектер тапшырылды.

Иш-чараны уюштурууда жана өткөрүүдө көмөк көрсөтүп, милиция кызматкерлери менен биргеликте иш алып баргандыгы үчүн мектептин айрым мугалимдерине да сыйлыктар ыйгарылды.

Соңунда мектеп жамааты ушундай иш-чараны өткөрүп, мектеп менен тыгыз иш алып барып, окуучулардын сабактарына катышып, ар тараптан колдоо көрсөткөн Нарын ОИИБнин жалпы жамаатына ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий