• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында Он-Арча суусуна түшүп кеткен алты жашар кыз изделүүдө

Аймак 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна түшүп кеткен С.Н. аттуу алты жашар кыз беш күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, алты жашар кыз 17-майда балдар менен ойноп жатып, бут кийимин сууга түшүрүп алган. Аны алууга аракеттенип жатып, өзү сууга түшүп кеткен.

Ошондон бери издөө иштерин өткөрүү максатында 21 куткаруучу, 4 суучул жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес.

22-май күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий