• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында оор жүк ташуучу унаа менен Toyota кагышып, төрт адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 2-декабрда саат 21:08 чамасында жол кырсыгы катталган, - деп кабарлайт ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 216-чакырымында “КамАЗ” оор жүк ташуучу унаасы жана Toyota Nadiа унаалары кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий