• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нарында өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараты жана кычкылтек концентратору жетишсиз болууда - облус башчысы

Аймак 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Нарын облусунда өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратынын жана кычкылтек концентраторунун жетишсиздиги көйгөй жаратууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, облус боюнча жалпы 153 кычкылтек концентратору бар, анын ичинен 19у демөөрчүлөр тарабынан сатылып алынган.

"Жардам берүүнү каалагандар чыгууда. Бизге дагы кошумча 300 даана мобилдик кычкылтек концентратору керек. Өпкөнү жасалма дем алдыруучу 28 аппараты бар, дагы 17 аппарат керек. Аталган көйгөй боюнча Республикалык штабга айтканбыз, жума күнү өлкөгө келчү медициналык жабдуулардан бөлүнүп берилет деп күтүүдөбүз", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий