• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Нарында президент УКМК жана ӨКМдин кызматкерлери үчүн курулган жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырат

Президент 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 24-октябрда Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Нарын облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын маалыматына ылайык, сапардын алкагында Нарын районунун жана Нарын шаарынын жашоочулары менен жолугушуу болот.

Андан тышкары, Мамлекет башчысы социалдык объектилерге барат, Президенттин катышуусу менен КР УКМК жана ӨКМдин кызматкерлери үчүн курулган жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий