• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарында Пробация департаментинин кызматкерлери “Жардам” акциясын өткөрүштү

Аймак 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Нарын облусунда 18-сентябрда Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин кызматкерлери "Жардам" акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу аталган департаменттен билдиришти.

Акцияга Нарын шаары жана Нарын району боюнча пробация органынын жана саламаттык сактоо уюмдардын кызматкерлери, калкты жумуш менен камсыз кылуу борборунун, билим берүү бөлүмүнүн, Нарын облусу боюнча юстиция башкармалыгынын, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Нарын шаары жана Нарын району боюнча пробация органынын каттоосунда турган 22 адам аталган иш-чарага келип, тиешелүү адистерге кайрылып, кеңеш алган.

Пикир

Оставить комментарий