• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында сүттү кайра иштетүүчү ири завод ачылды

Аймак 0

Нарын, 14.08.19. /Кабар/. Нарын облусунун Нарын шаарында сүттү кайра иштетүүчү ири завод ачылган. Анын кубаттуулугу 150 тонна сүттү түзөт.

Заводдун директору Жолдошбек Айтакунов билдиргендей, завод сүт азыктарын жана сыр чыгарууну пландоодо.

“Биздин ачылганыбызга 2 жума болду. Учурда жергиликтүү калктан сүт алып, иштеп жатабыз. Учурда бул ишканада 25 адам иштеп жатат. Келечекте завод толук кандуу ишке киргенде жумушчу орундар көбөйөт”, -дейт Айтакунов.

Пикир

Оставить комментарий