• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында сүттү кайра иштетүүчү завод ачылат

Аймак 0

Бишкек, 27.10.17 /Кабар/. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов «Үмүт и Ко» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Кайрат Абдуллаев менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, жолугушууда аталган ишкананын Нарын шаарына сүттү кайра иштетүүчү заводдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Облус башчысы калктын басымдуу бөлүгү мал чарбасы менен алектенээрин маалымдады. Өкмөттүн тапшырмасына ылайык айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү багытында ишканаларды куруу пландалганын белгиледи. Учурда сүт, эт багытында малды асылдандыруу боюнча иштер жанданууда.

К.Абдуллаев Нарын облусунда 1988-жылдан бери биринчи жолу сүттү кайра иштетүүчү завод ишке берилээрин билдирди. Анын курулушуна болжолдуу 80-90 млн сом каражат жумшалат. Бир күндө 150 тоннага чейин сүттү иштетүүгө мүмкүн экенин айтып, Нарын облусунун район борборлорунда сүттү кабыл алуу пунктардын ачылышы пландалып жатканын билдирди.

А.Кайыпов Нарын облусуна сүттү кайра иштетүүчү заводду курууну колго алып жаткан «Үмүт и Ко» ЖЧКсына теңиртоолуктардын атынан ыраазычылык билдирип, жергиликтүү бийлик тарабынан заводдун курулуучу орду аныкталып, ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн айтты.

Сүттү кайра иштетүүчү завод Нарын шаарында 4 айдын аралыгында курулуп, 2018-жылдын февраль айында ишке берилет.

Пикир

Оставить комментарий