• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында сафлор майы өндүрүлө баштайт

Аймак 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Ак-Талаа районунун эли менен жолугушууда Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов буга чейинки жетекчилик тарабынан сафлор өсүмдүгүн өстүрүү сыяктуу жакшы иштер колго алынып, 400 гектар аянтка сафлор эгилгенин белгиледи.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн белгилешкендей, Эргешов өсүмдүк текши гүлдөп, жакшы өсүп жатканын, өсүмдүктөн май алуу үчүн Теңир Тоо өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен завод ишке киргизилерин маалымдады.

Ошондой эле облус башчысы белгилегендей, кийинки жылдары өсүмдүктүн аянтын 1 миң гектарга чейин көбөйтүү колго алынып, ушуга окшогон чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү долбоорлоруна көңүл бурулат.

Белгилей кетсек, болжол менен сафлордун 1 гектарынан 1,5 тонна түшүм алынса, 1 тонна түшүмдөн 300 кг май чыгарууга болот.

Пикир

Оставить комментарий