• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында салык декларациясын убагында тапшырбаган 310 кызматкерге айып салынды

Коом 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Нарын областында бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган 310 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге айып салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аларга карата КР “Укук бузуулар жөнүндөгү” кодексинин 438-беренесинин негизинде укук бузуу жөнүндө өндүрүш иштери козголуп, сот органдарына кароого жиберилген.

Сот органдары тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынып, 310 мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдары административдик жоопкерчиликке тартылуу менен аларга 930 миң сом айып пул салынган.

Пикир

Оставить комментарий