• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында салыкчылардын республикалык спартакиадасы башталды

Аймак 0

Бишкек, 4-август /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 4-августунда, Нарын шаарында салыкчылардын республикалык спартакиадасы старт алды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Спартакиадага жети облустун, Бишкек, Ош шаарларынан жана борбордук аппараттын салык кызматкерлери болуп жалпы 300 чукул адам катышууда.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов спорттук иш чаранын ачылышында спартакиаданын катышучуларын куттуктап, салык кызматынын өлкө экономикасындагы орду жана салымы тууралуу баса белгилеп өттү. Ошондой эле спорт менен ишти айкалыштыруу аркылуу натыйжалуулукту арттыруу мүмкүн экенин билдирип, кызматкерлерге ийгилик каалады. «Жети дубандын өкүлдөрү менен Теңиртоо жергесинде жолугушуп жатканыбызга кубанычтабыз. Спорт - биримдикти, ынтымакты чыңдоого өбөлгө түзөт. Спорт аркылуу ден соолук чыңдалат. Ал эми ден соолук чың болсо, иш дагы жемиштүү жүрүп, натыйжалары мол болот. Андыктан, достугубуз беккемдеп, ар бириңиздер спорттук иш чараны ийгиликтүү аякташыңарды каалайм».-деди облус башчы.

Салыкчылардын республикалык спартакиадасы Нарын облусунда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Кызматкерлер спорттун кичифутбол, волейбол, чуркоо, шахмат, тогуз коргоол, бильярд, аркан тартыш жана башка түрлөрү боюнча күч сынашат.

Пикир

Оставить комментарий