• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында салынып жаткан жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 89%га аяктады

COVID - 19 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Нарын шаарында салынып жаткан тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын куруулушу 89%га аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бул оорукананын курулушу август айында башталып, азыркы тапта анын курулушуна 45 млн сом сарпталган. Оорукана 70 орунга эсептелген.

“Буйрутма аткаруучу компания тарабынан имараттын негизги курулуш иштери аяктады. Полду бетондоо жана жылуулоо жумуштары бүткөрүлүп, оорукананын сырткы эшик-терезелери, пандустар орнотулду. Азыркы тапта ички жасалгалоо, электр-монтаж, таза суу жана канализация тартуу жумуштары, желдетүү жана жылытуу, өрт өчүрүү системасын, ички эшиктерди, оорукананын айланасындагы арыктарды орнотуу иштери аяктап жатат”, - деп билдирет Архитектура агенттиги.

Агенттиктен белгилешкендей, ооруканага керектүү эмерек жана жабдыктар сатылып алынган. Учурда кычкылтек берүүчү борборлоштурулган система орнотулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий