• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында сел жүрүп, үйлөрдүн короосун каптады

Аймак 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Нарын облусунун Чаек айыл аймагында жайгашкан Беш-Терек айылында сел жүргөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) кабарлашкандай, 12-майга болжол менен саат 15:30да катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел жүргөн. Анын кесепетинен 7 аталган айылдагы 7 турак үйдүн бакчасын суу каптаган, бирок үйлөргө зян келтирилген эмес.

Жерине КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, жергиликтүү тургундардан 20 адам, айыл аймактан 1 атайын техника тартылган.

"13-майда тартылган күчтөрдүн жардамында 50 метр арык жана 20 метр ички чарбалык жол тазаланып, иш-чаралар толугу менен аяктады. Жалпысынан 120 метр арык жана 20 метр ички чарбалык жол тазаланган", - деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий