• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында сел жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Нарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-июнда жаап өткөн нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Нарын шаарында жайгашкан 58 турак жайды, чарбалык курулуштарды сел суулары каптаган.

Түзүлгөн кырдаалды жеринен аныктоо жана тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү максатында облус башчысы Сабыркул Ашимбаев жетектеген облустук жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда.

Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Кочкор районундагы Сары-Булак-Арчалы унаа жолунун 16-чакырымында сел жүрүп, унаа каттамга ыңгайсыздыктарды жараткан.

Жерине куткаруучулар жана техника тартылып селдин кесепеттери жоюлду.

Жол каттамы бир тараптуу ачык.

Пикир

Оставить комментарий