• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылууда - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Нарында селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, Нарын шаарында 2020-жылдын 3-июнь күнү саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Чоң-Нарын каналынан ашып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан 114 турак үйдү каптап анын ичинен 56 турак үйдүн ичине жана короосуна, 50 турак үйдүн короосуна, 3 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүнө сел суулары кирип, 5 турак үй авариялык абалга келген. Ошондой эле көчөлөрдү жана ички чарбалык унаа жолдорду кум шагылдарга толтурган. Жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Нарын облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, Нарын шаардык №16 ӨКБдан 3 куткаруучу, №41 ЖТИден 1 грейдер, Нарын Тазалык ишканасынан 1 самосвал, 1 жүктөгүч тартылды.

9-июнь күнү куткаруучулар 3 турак үйдүн короолорун тазалашкан. Ошондой эле тартылган күчтөрдүн аракетинде сел суулары каптаган көчөлөрдү, ички чарбалык жолдорду шагыл таштардан тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары, 6-июнь күнү КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан турак үйү авариялык абалга келген жаранга 1 мобилдик турак үй (1 бөлмөлүү) бөлүнүп берилген.

3-июндан 9-июнга чейин жалпы 102 турак үй сел калдыктарынан тазаланып, селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий