• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында сентябрдын башында II «Ийгиликке кадам» медиафоруму өтөт

Коом 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-9-сентябрь күндөрү Нарын шаарында II «Ийгиликке кадам» медиафоруму өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө аймактык медиалардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болмокчу. Бул иш-чарага республикабыздын булуң бурчунан 70ге жакын кыргыз тилдүү журналисттер менен медиа адистердин катышуусу күтүлүүдө.

Нет описания.

«Ийгиликке кадам» медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет. Аны өткөрүү демилгеси «Журналисттер» КБга таандык. Медиа форум ар эки жылда бир жолу дубандардын биринде өткөрүлүп турат. I Медиафорум 2019-жылы Ош шаарында өткөрүлүп, ал өлкөбүздүн ийгиликүү медиаларынын иш тажрыйбасы менен бөлүшүүгө арналган.

II Медиафорумдун өткөрүлүшүнө IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялар көмөк көрсөтүшүүдө.

Медиафорум «Журналисттер» КБнын фейсбуктагы баракчасында түз эфирде чагылдырылат.

Пикир

Оставить комментарий