• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында шайлоо участкаларында милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоодо

Аймак 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Нарында шайлоо участкаларында милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоодо, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, облус аймагында жалпы 171 шайлоо участкасында 500дөн ашуун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барыууда.

Ар бир шайлоо участогуна медиктер, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрү жана элдик кошуундар тартылган.

Мындан тышкары, Нарын облусунун шаар райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлери да көмөк көрсөтүп жатышат. Ошондой эле өлкөдө болуп жаткан кырдаалды эске алуу менен шайлоо участкасына келген шайлоочуларды аралыкты сактоо, бет кап тагынуу жана санитариялык-эпидемиологиялык эрежелерин сактоо жагы эскертилүүдө.

Азыркы учурда облус аймагында коомдук саясий кырдаал туруктуу сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий