• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарында шайлоочулардын тизмеси такталууда

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 28-июль /Кабар/. Кечээ, 2017-жылдын 27-июлунда, Нарында шайлоого даярдык боюнча облустук штабдын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Штабдын отурумуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алмаз Асаналиев, КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Бусурманкулов, КР Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев, КР Өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору Памир Керимов, район акимдери, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары жана шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү катышты.

Алгач Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов отурумду ачып, облус аймагындагы аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

«Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү максатында 2017-жылдын 11-июлунда №160 буйрук кабыл алынып, облустук штаб бекитилди. Учурда 167 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлүүдө. Облус боюнча 179 миң 948 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын учурга такталган тизмеси Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан райондук мамкаттоо бөлүмдөрүнө берилип, тактоо иштери жүрүүдө»,-деди облус башчы.

Сөз кезегинде 2017-жылдын 15-октябрга белгиленген шайлоого карата жер-жерлерде техникалардын жана адистердин даярдыгын көрүп, алдын ала базаларды текшерип алуу зарыл экенин эскерткен Э.Бусурманкулов, эң негизгиси шайлоо кампаниясын тынч, калыс, ачык-айкын өткөрүү шарт экенин белгиледи.

Андан соң отурум суроо-жооп иретинде улантылып, БШК мүчөсү А.Асаналиев, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Д.Догоев отурумдун катышуучуларынын бир катар суроолоруна жооп беришти.

Пикир

Оставить комментарий