• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу жайылтылууда

Аймак 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Нарында өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу жайылтылууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, орто мектептерде жогорку класстардын окуучуларынын катышуусунда зордук-зомбулукка каршы күрөшүү иш-чаралары өтүүдө.

Иш-чарага Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова, Нарын шаарынын прокурору Манас Акматалиев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Тукешов, социалдык кызматкерлер, тартип сакчылары катышууда.

Учурдун актуалдуу маселеси болгон зордук-зомбулуктун алдын алууну окуучулар ачык сабактарда, дебаттарда талкуулап, сактануу, башкага зомбулук көрсөтпөө боюнча маалыматтарды алууда.

Зордук-зомбулукка каршы күрөшүү иш-чарасы кечээ Нарын шаарындагы Матен Сыдыков жана Жапар Чолпонбаев атындагы орто мектептеринде өттү.

Пикир

Оставить комментарий