• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында суюк кычкылтекти жеткире турган борбордук система ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Нарын облустук бириктирилген ооруканасында суюк кычкылтекти стационарларга жеткире турган борбордук система курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай система кычкылтек концентраторлорун жана кычкылтек баллондорун алмаштыра турган жогорку сапаттагы медициналык тейлөөгө шарт түзөт.

Суюк кычкылтек менен оорукананын ангионеврология, провизор, терапия, жугуштуу оорулар, кардиология бөлүмдөрүндөгү бейтаптар камсыздалат.

Кыргызстанда жакын арада гана пайда болгон кычкылтек станциясын куруу үчүн мамлекет тарабынан 5 миллион сомдун тегерегиндеги каражат жумшалган. Бул ишти “Бишкек Тех Газ” ачык акционердик коому ишке ашырды.

“Борборлоштурулган суюк кычкылтек станциясынын коюлушу бейтаптарды дарылоодо абдан чоң жеңилдик бере баштады. Себеби бул станция аркылуу ар бир бейтап 99 пайыз суюк кычкылтек менен камсыз болот. Мындагы кычкылтектин запасы колдонууга жараша 1-2 айга жетээри болжолдонууда”, - деп билдирди Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков.

Пикир

Оставить комментарий