• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында суу каптоолорго ыкчам аракеттер көрүлүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов 29-30-март күндөрү Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.

Жан-Булак айылында жалпы 422 түтүн жашайт. Аба температурасынын көтөрүлүп жатканына байланыштуу карлар эрип, К.Осмоналиев атындагы көчөдө жайгашкан 30га чукул тамдын короосун суу каптаган. Мындан тышкары, 4 үйдүн жертөөлөсүнө суу кирип, айыл өкмөтү тарабынан тазаланды.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында суу каптоо кечээ, 29-мартта, саат 15.30-16.00 башталган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. ӨКМдин ыкчам тобу келип иш алып барган. ӨКМ облустук башкармалыгынан каптар жана күйүүчү майлар берилди. Мындан тышкары, айыл өкмөтү тарабынан даярдалган эки техника арыктарды кеңейтип, сууларды агызып жатат.

Айыл тургундары менен болгон жолугушууда А.Кайыпов сел жана суу каптоолор боюнча жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан даярдыктар жүргөнүнө байланыштуу ыкчам аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

«Быйыл кар калың жааганына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша суу каптоонун алдын ала даярдыктарын көрдүк. Учурда күн жылып, карлар тез ээрип баштады. Ушуга байланыштуу башка райондорго дагы барып, абалды көзөмөлгө алып жатабыз. Ыкчам аракеттер көрүлүүдө. Кечээ түнү менен келгенде короолорду суу каптап жаткан эле, учурда суунун көлөмү азайып, арыктар аркылуу кетип жатат»,- деди облус башчы.

Айыл өкмөт башчысы Дүйшөнбек Шеримбековдун маалыматында К.Осмоналиев көчөсүнүн көйгөйү айыл башында арыктын жоктугунан жаралган. Талаадагы суулар ээрип, аталган көчөнү каптап кеткен. Айыл башында айылдыктарлын үлүш жери болгондуктан, 4-5 жылдан бери участогунан арыкка жер бөлүп берүүдөн баш тартып келишкен.

А.Кайыпов жергиликтүү тургундар, айыл өкмөт башчысы менен сүйлөшүп, көйгөйдү чечүү жолдорун карашты. Айыл тургундары үлүшүнүн мерчемдүү бөлүгүнөн арык салууга жерин берип, ошондой өлчөмдөгү жер участогун кайра бөлүштүрүү фондунан алуу сунушу айтылды. Мындай сунушка айыл тургундары макулдугун беришти. Облус башчысы арык казуу жана жер бөлүштүрүү жагын аткарууга алууну айыл өкмөткө тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий