• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында сууга түшүп кеткен бала табыла элек, издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Нарында мындан 23 күн мурда сууга түшүп кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ошол мезгилден тарта издөө иштери КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Нарын шаардык, Нарын, Жумгал, Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана куткаручу суучулдар тартылып, издөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 7-март күнү Орто-Нура айылынын 2013-жылы туулган өспүрүм суунун жээгинду муз тээп ойноп жүрүп Нарын дарыясына түшүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий