• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында төө буурчак өндүрүүчү ишкана ачылат

Аймак 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Ош облусунда жакында сүт азыктарын кайра иштетүүчү фабрика, Нарында төө буурчак өндүрүүчү ишкана ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

Анын айтымында, мамлекет берген ресурстар аймактардагы айыл-чарбаны өнүктүрүүгө, өнөр жайды каржылоого жана айыл-чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүгө багытталган.

“Аймактарды өнүктүрүү жылында бир катар долбоорлор каржыланды. Ош облусунда сүт азыктарын кайра иштетүүчү фабрика, Нарында төө буурчак өндүрүүчү ишкана ачылат. “Кепилдик фонду” ААКтын иштеген учурунда 900гө жакын жумушчу орду түзүлүп, 5 миң жумушчу орду колдоого алынды”, - деди Абакиров.

Ал уставдык капиталдын көбөйүшүнө байланыштуу “Кепилдик фонду” ААК 2018-жылы 450-470 миллион сом суммасында кепилдик берүүнү пландап жатканын кошумчалады. Анын маалыматына караганда, бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп.

“Насыялар боюнча айтсак, өнөктөш банктар 1,6-1,8 миллиард сомдун тегерегинде беришет. Бул 2017-жылдагы деңгээлден 2 эсе көп. Учурдагы кепилдик портфелинин көлөмү отчёттук доордун аягында 415 миллион сомду түзөт”, - деди Абакиров.

Пикир

Оставить комментарий