• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Нарын облустук Жарандык коргонуу комиссиясынын төрагасынын жетекчилиги астында табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Жарандык коргонуу багытындагы облустук жана райондук кызматтын өкүлдөрү катышты. Анда 2021-жылдын жаз-жай мезгилдеринде күтүлүүчү сел агымдары, суу ташкындары жана башка табигый кырсыктарды алдын алуу, аймактын коопсуздугун камсыздоо багытында маселелер талкууланды.

Мындан тышкары Жарандык коргонуу тутумунун күч жана каражаттарынын даярдыгы, өзгөчө кырдаалдарга карата даярдалган материалдык баалуулуктардын кору боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматтары угулуп, тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий