• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө» карата комплекстүү иш-чаралар өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 8-ноябрында, Нарын облусунун борборунда жана райондордо Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө» карата комплекстүү иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев, облустук, шаардык мекеме жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Алгач Нарын шаарынын борбордук аянтында Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 100 жылдыгына жана саясий репрессиялардын 80 жылдыгына байланышкан тарыхый архивдерди камтыган көргөзмө уюштурулду.

Андан соң Нарын облустук китепканасында Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 100 жылдыгына карата тунгуч революционер Таабалды Жукеев-Пудовкиндин 135 жылдыгына арналган адабий иш-чара өткөрүлүп, К.Мамбеталиев атындагы Нарын облустук тарыхый этнографиялык музейиндеги бөлмөсүндө экскурсиядан кийин
эстелигинде эскерүү митинги өттү.

Облус башчы кыргыз тарыхында барандуу орду бар инсандардын элесин дайым сактап жүрүү керектигин билдирип, тунгуч революционерлердин катарындагы Таабалды Жукеев-Пудовкиндин мамлекет тагдырындагы ордун баса белгиледи. Тарыхый окуяларды, инсандарды эскерүү аркылуу элибиздин басып өткөн жолун андап таанып билүүгө, ошондой эле алдыга коюлуучу максаттарга багыт алууга демөөр болоорун айтты.

Ал эми Нарын шаарындагы искусство галереясында саясий репрессиялардын 80 жылдыгына арналган Асан Турсункуловдун «Буюккан кайран менин жылдыздарым» аттуу сүрөт көргөзмөсү өткөрүлүп, маркумдарга куран окулду.

«Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө» карата комплекстүү иш-чаралар Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагындагы тарыхта өчпөс из калтырган Рыскул уулу Тайлак баатырдын эстелигинин алдына гүл чамбарлар коюлуп, эскерүү митинги менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий