• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында таш кулап жеңил унаага тийген

Кырсык 0

Бишкек, 21.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кечээ, күндүзү Нарын шаарынын батыш тарабынан айланып өтүүчү унаа жолдун 2-чакырымына таш кулаган,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жаңы-Жол тилкесинде көлөмү 2 м3 таштар кулаган.

“Таш кулоонун кесепетинен “Ауди-100” үлгүсүндөгү жеңил унаага таш тийген, жабыркагандар жок. Жерине куткаруучулар чыгышып унаа жолду таштардан тазалашкан. Жалпысынан 3 куткаруучу тартылган”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий