• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында «Таза коом» маалыматтык күркөлөрү иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 20.10.17 /Кабар/. 2017-жылдын 19-октябрында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов «Таза коом» маалыматтык киоскторунун иши менен жеринде барып таанышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус башчы Нарын районунун Учкун, Достук айылдарында болуп, маалыматтык киосктордо иш алып барып жаткан операторлор жана анда кайрылган кардарлар менен жолугуп, пикир алышты. Эми облус, район борборлоруна барып убара болбостон убактысын үнөмдөп, айыл аймагынан каттоо кызматынын маалыматтык колдоо жана тейлөө кызматын алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө айыл тургундары чоң жетишкендик катары баасын беришти. Ал эми операторлор жабдыктар убагында орнотулуп, Интернет байланышы менен камсыз болгонун маалымдашты. Учурда жалпы жарандык паспорторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, никелешүү күбөлүктөрүн каттоо үчүн документтерди кабыл алуу жана аны даярдап берүү, аталыкты аныктоо тууралуу каттоо үчүн документтерди кабыл алуу жана башка кызмат көрсөтүлүп жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын тейлөө кызматын колдонуу үчүн операторлор окутулган. Облус боюнча 57 жабдык келип, ишке киргизилүүдө. План боюнча 63 айыл аймагында маалыматтык киосктор орнотулуп, 193 кызмат көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий