• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарында тиричилик калдыктарын бөлүп салуу үчүн урналар коюлду

Аймак 0

Бишкек, 27.04.22./Кабар/. Нарын шаарында тиричилик калдыктарын бөлүп салуу үчүн 21 урна коюлду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай иштер "Эко-кыймылы Нарын шаарында" долбоорун алкагында жүргүзүлүүдө.

Аталган долбоорду АКШнын билим берүү департаментинин TEA программысынын бүтүрүүчүсү, Лингва-Нарын мектебинин жетекчиси Айнура Турдалиева ишке ашырууда.

Экологиялык долбоордун алкагында Нарын шаарындагы 7 жерге 21 таштанды урналары коюулуп, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев 5 миң долларга бааланган долбоорду ишке ашырган А. Турдалиевага өз ыраазычылыгын билдирди.

Пластик, айнек жана кагаз таштандыларын бөлуп салуу менен аны кайра иштетүүнү ишке ашыруу зарылчылыгын билдирген калаа башчысы бул боюнча да иштер жүрүп жаткандыгын белгилеп, калаа тургундарын бул урналарды өз максатында пайдаланууга чакырды.

Белгилей кетсек, буга чейин долбоордун алкагында таштандыларды иргеп салуу үчүн атайын эко урналар орнотулуп келген.

Пикир

Оставить комментарий