• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында “Тоолордо менин жүрөгүм, толкунда улук өнөрүм” аттуу ыр кесе кароо-сынагы башталды

Аймак 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Нарында “Тоолордо менин жүрөгүм, толкунда улук өнөрүм” аттуу ыр кесе кароо-сынагы башталды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кароо-сынак “2022-жыл - тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук” жылына карата Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык кеңеши тарабынан уюштурулган.

Маданий иш-чарага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев баштаган мекеме-ишкана жетекчилери, Нарын шаарынын мурдагы мэрлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Келген конокторго Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев баштаган кызматкерлер өз чыгармачылыктарын көрсөтүп, концерт коюп беришти. Кызматкерлер шаарда жүрүп жаткан аракеттерди сахналаштырып чагылдырып, ыр-бийлерди аткарып, интермедияда ойношту.

Ыр кесенин максаты - эл ичиндеги элдик таланттарды колдоп, ынтымактын, достуктун, биримдиктин бийик даражасын көтөрүү. Теңир-Тоодо ыр майрамын уюштуруп, майрам шаңы менен шаардын маданиятын көтөрүү жана өнүгүшүнө салым кошуу болуп саналат.

Маданий иш-чарада Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Кыргыз маданий мурастарын баалоо менен сакталышын жана бийиктигин даңазалоо, көркөм тил аркылуу салттуулукту сактоо жана жайылтуу, эне тилибизди өркүндөтүү башкы максат экендигин белгилеп, маданий иш-чара да ушул максатты көздөө менен уюштурулганын айтты.

Калаа башчысы сатылган билеттерден түшкөн каражат комиссия аркылуу Нарын шаарынын инфратүзүмүн жакшыртууга жумшаларын айтып, жалпы 9 жолу ыр кесе өтүп, жыйынтыгы 17-сентябрь - Нарын шаарынын күнүндө чыгарыларын маалымдады.

Ыр кесе Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө сунулуп, 18-май күнү өткөрүү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий