• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында турак үйдөн өрт чыгып, бир адам ооруканага жеткирилди

Кырсык 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Нарын облусунун Чаек айылындагы Карагулов көчөсүндөгү үйдөн өрт чыгып, 15 чарчы метр жыгач шыбы жана кийим-кечелер күйүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттүн кесепетинен 1962-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши денесинен күйүк алып, райондук ооруканага жеткирилген.

Өрттүн себеби электр жабдууларын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий