• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында турак үйлөрдү суу каптоо коркунучу жоюлду

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Нарында турак үйлөрдү суу каптоо коркунучу жоюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-февраль күнү Нарын районунун Миң-Булак айылында тоодон агып түшкөн суусу тоңуп, арыкта муз катмары пайда болгон.

Жерине ӨКМдин 4 куткаруучусу тартылып, аталган аймакка жакын жайгашкан турак үйлөргө коркунуч жаралганды аныкталган.

Куткаруучулар тиешелүү иш алып барып, суунун нугун буруп, суу каптоо коркунучун жоюшкан.

Пикир

Оставить комментарий