• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында туристтик мезгил расмий ачылды

Аймак 0

Бишкек. 29.12.21. /Кабар/. Нарын шаарындагы Т. Токтосунов атындагы муз аянтында кышкы туризм мезгили салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус жетекчиси, Нарын шаарынын мэри Ж. Курбанов жана мекеме жетекчилердин кызматкерлери катышты.

"Ак шумкар" жана "Нарынские волки" командалары арасында хоккей жана "Көңүлдүү старт" спорт оюндары өткөрүлүп, активдүү оюнчуларга баалуу белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий