• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарында туризм форуму өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Нарын облусунда туризм тармагын өнүктүрүү багытында иштиктүү аракеттер, жаңы кадамдар башталды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустун туризм тармагын өнүктүрүү жана артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында, күн мурун, 26-октябрда Кыргыз Республикасынын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан туризм форуму өткөрүлдү.

Форумга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова, Борбордук Азия университетинин деканы Сохаил Ашрафи мырза, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун өкүлү Амангелди Джумабаев жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, республиканын аймактарындагы туристтик компаниялардын өкүлдөрү, туризм тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ишкерлер катышты.

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев туризм багытында иш алып барып жаткан уюмдардын, ишкерлердин башын кошкон Нарын туризм ассоциациясын жана атайын Кеңеш түздү. Учурда туризм тармагын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы иштелип чыгууда.

Туристтерди тартуунун биринчи кадамы катары Борбордук Азия университетинин материалдык-техникалык колдоосу менен быйыл жай айларында Нарын облусунун эң кооз туристтик жайлары видео-тасмага түшүрүлдү.

“Нарын облусунда айрыкча тоо туризмин, жайлоо туризмин, эко туризмди жана аңчылык туризмдерин өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Ал үчүн биздин алдыбызда биринчи кезекте жолдорду оңдоо, инфратүзумдү жакшыртуу, тейлөөнүн сапатын көтөрүү сыяктуу чоң милдеттер турат. Буюрса стратегиялык пландын негизинде Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен жана эл аралык өнөктөштөрдүн, ички, тышкы инвесторлордун колдоосу, жергиликтүү бийликтин аракети менен бул маселелерди жакын арада жолго коюбуз. Бул багытта жаңыча иш алып баруу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаменти тарабынан колдоо көрсөтүлөт деген ишеничтемин”, - деп билдирди Нарын облусунун башчысы.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд түзүү жана бул тармакты өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алганын кабарлап, алдыга койгон пландар жакын арада толугу менен ишке ашаарына ишеними зор экенин белгиледи.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө туризм тармагын өнүктүрүүдө тыгыз кызматташып келе жаткан КОЙКА, Хельветас, ПРООН эл аралык уюмдарына, Ага Хан өнүтүрүү тармагына, Борбордук Азия университетине жана башка өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирди.

Форумда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова, Борбордук Азия университетинин деканы Сохаил Ашрафи мырза, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун өкүлү Амангелди Джумабаев, Кыргызстан туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору Нурбек Сапаров тарабынан баалуу пикирлер ортого салынды.

Мындан сырткары, КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетектөөчү адиси С. Сатыбалдиева, Нарын облусунун туризм ассоциациясынын төрагасы Т. Ниязбеков, Нарын облусунун туризмди өнүктүрүү стратегиясынын эксперти Б. Эгембердиев облустун туристтик мүмкүнчүлүктөрү, туризм ассоциациясы жана туризм тармагын өнүктүрүү стратегиясы боюнча слайддык мааламыттар менен баяндама жасашты.

Иш-чарада Нарын облусунун туристтик жайларын камтыган видео-тасманын бет ачары болуп, көрүүчүлөр тарабынан тасма жогорку деңгээлде тартылганы айтылды.

Форумдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаменти менен Кыргыз Республикасынын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ортосунда, ошондой эле Кыргызстан туроператорлор ассоциациясынын менен Нарын облусунун туризм ассоциациясынын ортосунда кызматташуу меморандумдарына кол коюлду.

Иш-чаранын алкагында облус жетекчиси тарабынан видео-тасманы тартууда колдоо көрсөткөн топко ыраазычылык каттар жана белектер ыйгарылды.

Форумдун экинчи бөлүгүндө туристтик компаниялардын ортосунда тегерек стол уюштурулуп, алдыда алып барылуучу иштер, көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Ошондой эле Нарын облусунда өндүрүлгөн азык-түлүк-буюм-тайымдардын жарманкеси өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий