• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында туризм тармагын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Нарында туризм тармагын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы иштелип чыкты. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси менен “Нарын облусунун туризм тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн 2022-2026-жылдарга карата стратегиялык планы" иштелип чыгып, басмага берүү алдында турат.

Стратегиялык планда туризм тармагын 5 жыл ичинде өнүктүрүүнүн долбоорлору, аларды ишке ашыруунун жол картасы камтылды. Башкача айтканда, дүйнө эли үчүн Нарын облусунун туристтик образы ачылып берилди.

"Cтратегиялык пландын негизинде Нарын облусунун туризм тармагын мамлекеттик фонддун, “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен жана эл аралык өнөктөштөрдүн, ички, тышкы инвесторлордун колдоосу, жергиликтүү бийликтин аракети менен жогорку деңгээлге көтөрүү максаты турат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, туризм тармагындагы потенциалды пайдаланып тармакты өнүктүрүү менен облустун экономикасына көптөгөн киреше түшүрүүгө болот.

Бул жагдайды туура түшүнгөн облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев кызматына киришкен күндөн тартып туризм тармагын өнүктүрүүгө көңүл бурду. Туризм тармагында иш алып барган мекеме-уюмдардын башын бириктирип “Нарын туризм ассоциациясын” түздү. Облуста биринчи жолу туризм форумун өткөрдү. Борбордук Азия университетинин материалдык-техникалык колдоосу менен облусубуздун туристтик жайлары тасмага түшүрүлүп, видео-тасма даярдалды. Облустун туристтик логотиби, сайты иштелип чыкты. Дестинациялык менеджмент жана маркетинг, гиддерди окутуу маселелери чечилди.

Андан тышкары, заман талабына ылайык туристтик маалымат борборун куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Ар бир райондо туристтер үчүн ыңгайлуу шарты, интернет байланышы бар жуунуп эс алуучу жайларды (кемпингдерди) куруу аракетин көрүүдө. Эң негизгиси “Нарын облусунун туризм тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн 2022-2026-жылдарга карата стратегиялык планы” иштелип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий