• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында “Тыюу салынган сайтка кирдиңиз” деп жарандардан акча алып жүргөн шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Нарында “Тыюу салынган сайтка кирдиңиз” деп жарандардан акча алып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сентябрь айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Нарын облусунун Кочкор районунун Р.Ж. аттуу тургуну белгисиз адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, “Альфа-Телеком” ЖАКтын жана “Нур-Телеком” ЖЧКнын абоненттерин шантаж жолу менен “Ички иштер министрлигинин билдирүүсү! Кыргызстандын мыйзамдарында тыюу салынган материалдар камтылган сайттарга киргениңиз үчүн бөгөттөлдүңүз. Бөгөттөн чыгуу үчүн мамлекеттик капчыкка айып төлөшүңүз керек... ” деген SMS жиберип турушкан.

Жарандарды коркутуу менен опузалап 2200 сом акча талап кылышып, төлөм терминалдарын колдонушуп АУБ, Easy Pay, QIWI, Кошолек Компаньон, О! Деньги, Элсом, МБанк Online жана Optima24 аркылуу өзүлөрүнүн электрондук капчыктарга жарандардын акчаларын короттуруп алышкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга болжол менен 500 миңден ашык чыгым келтирилгени аныкталган.

Жабырлануучулардын саны такталууда.

Аталган факты Жазык кодексинин 203-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган факты боюнча Кочкор районунун Көк-Жар айылынын 1989-жылы туулган Р.Ж. аттуу тургуну шектүү катары кармалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий