• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында тынчтык митинги өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.12.17 /Кабар/. 2017-жылдын 13-октябрында Нарын шаарында тынчтык митинги өттү. Анда 20-25 адамдан турган шаар тургундары 2018-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирчү «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» 2017-жылдагы 28-июлдагы №163 Мыйзамынын айрым пунктары боюнча, тактап айтканда, Мыйзамга ылайык «балага жөлөк» деп каралган 3 жаштан 16 жашка чейинки 3 жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулда каралган чектөөлөргө каршы экенин билдиришти. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

"Тынчтык чогулушка чыккан шаар тургундары менен Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолугуп талаптарын укту жана мыйзам боюнча түшүндүрмө берди. Бирок, чогулгандар тез арада Мыйзамды иштеп чыккан Жогорку Кеңештин депутаттарын Нарынга келип эл менен жолугуусун жана Мыйзамды кайра карап чыгуу боюнча Жогорку бийлик бутактарына кайрылуу жолдоп, талаптарын жеткирүүнү айтып тарашты",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 12-декабрда, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык коргоо министри Таалайкүл Исакунова Нарын шаарынын тургундары менен жолуккан жана талаптарын уккан.

Пикир

Оставить комментарий