• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында "Укук тартип" аталышындагы рейд өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери "Укук тартип" аталышындагы рейд өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23нөн 25-декабрга чейин чейин өткөрүлүп жаткан "Укук тартип" аталыштагы профилактикалык алдын алуу иш-чараларынын негизинде Нарын районунун аймагында 2021-жыл жаны жылдык майрамдык иш-чараларга даярдык көрүүдө жана өткөрүү мезгилинде кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук жана жол коопсуздугун камсыздоо максатында ар бир айылдарга рейдттер уюштурулуп, азыркы тапта болуп жаткан эпидемиологиялык абалга жараша той-аштар, кечелер жаңы жылдык майрамдык иш-чараларды, мекеме ишканаларда, эмгек жамааттар арасында, окуу жайларда мектептерде өткөрүүгө тыюу салынгандыгы боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле жаңы жыл майрамынын алдында пиротехникалык заттарды сатуу боюнча район аймагындагы дүкөн жана соода кылуучу жайлар текшерилип, кечки рейддер уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий