• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарында "Укук-тартып" рейдинин алкагында 6 кылмыштын бери ачылды

Аймак 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. Нарын «Укук-Тартип» ыкчам алдын алуу иш-чарасында облус аймагында 6 уурдоо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-ноябрь күнү КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында Нарын облусунун аймагында 2021-жылдын 17-19-ноябрь күндөрү өткөрүлгөн «Укук-Тартип» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын алкагында комплекстүү иш-мерчем иштелип чыгып, жер-жерлердеги шаардык райондук ички иштер бөлүмдөрүнө аткарууга жиберилген.

Иш-чаранын жүрүшүндө 6 уурулук фактысы боюнча кылмыштардын бети ачылып, өз ыктыяры менен 7 ок атуучу куралдар алынып, азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Нарын облусу боюнча бузуулардын негизинде коомдук тартип жана укук бузган 279 адамга Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодекси боюнча протоколдор толтурулулуп, жол эрежесин бузгандыгы учун 178, башка бузуулар боюнча түзүлгөн 101 адамга шаардык милиция тарабынан протоколдор толтурулуп алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Ыкчам алдын алуу иш-чаралары учурунда облус боюнча мурда соттолгон 114 адам, алдын алуу каттоосунда турган жалпы 413 адам текшерүүгө алынып, уруксат берүү тутумуна кирген жалпы 221 мекеме, 10 ишкана жана 211 ок атуучу куралы бар жарандар текшерилип, алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий