• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында унаа оодарылып кетип, үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталды, - деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун болжол менен саат 23:50дө Кочкор-Кум-Дөбө унаа жолунун 18-чакырымында Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылган. Натыйжада унаа оодарылып, ичиндеги үч адам жабыркап, Кочкор райондук ооруканага жеткирилген. Учурда алардын абалдары жакшы экендиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий