• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарында «Ыйык тил» төш белгисин тапшыруу аземи өттү

Аймак 0

Бишкек, 2-август /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 2-августунда, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө салым кошкон бир катар жарандарга «Ыйык тил» төш белгисин тапшыруу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов катышып, сыйлык ээлерин куттуктады. Облус башчы карт тарыхы бар кыргыз тилинин маани-мазмунун жана мамлекеттүүлүгүбүздү сактоодогу ролун баса белгилеп, анын өсүп-өнүгүшүнө, жайылтылышына түздөн-түз салым кошуп жаткан атуулдарга ыраазычылык билдирди. «Албетте, ааламдашуу учурунда эне тилин, мамлекеттик, расмий жана эл аралык тилдерди эркин билген көп тилдүү жаңы муунду өстүрүү зарыл. Аны менен катар мамлекеттик тилди сактоо жана өнүктүрүү менен элибиздин биримдигин чыңдоо маанилүү. Мамлекеттик тилдин жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө сиздердин дагы салымыңыздар бар деп эсептейбиз. Андыктан, сиздерге ыраазычылык билдирүү менен бирге ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш каалайм»,-деди А.Кайыпов.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз тили» коому тарабынан уюштурулган «Ыйык тил» төш белгиси көп жыл үзүрлүү эмгектенген мугалимдерге, музей кызматкерлерине, журналисттерге жана башка мекеме-ишканалардын кызматкерлерине тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий