• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында өз алдынча көмүр казып жаткан жаранды шахта басып, каза болду

Аймак 0

Бишкек,31.10.17. /Кабар/. Нарында өз алдынча көмүр казып жаткан жаранды шахта басып, каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 30-октябрда Миң-Куш айылынын Ак-Улак тилкесиндеги шахтада өз алдынча көмүр казып жаткан 1 адамды басып калган. Ал 1956-жылы туулган Миң-Куш айылынын М.Б., аттуу тургуну.

“Издеп-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган. Кечээ, кечки саат 19:50дө 15 метр тереңдикте шахта урап басып калган адамдын жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий