• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында өзгөчө кырдаалдар коркунучунда башкаруу органдарынын иш аракеттери боюнча окуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 28-мартында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында облустук Жарандык коргонуунун даярдык планынын негизинде штабдык окуу өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

«Өзгөчө кырдаал коркунучунда жана пайда болгон мезгилде Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын иш аракеттери (сел)» темада өткөрүлгөн окуу облустук жарандык коргонуу башчысы Аманбай Кайыповдун жетекчилиги астында жүргүзүлдү.

Саат 6-30да жетекчи курамды чогултуу боюнча облустук башкаруу пунктунан сигнал берилип, кабарлоо схемасына ылайык облустук, райондук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчи курамын, Жарандык коргонуу кызматтарын, түзүмдүк бөлүктөрүн, мекеме-ишканалардын, билим берүү мекемелеринин жалпы курамын тартуу менен өттү.

Анда сел коркунучу жаралганда жана сел каптоолор болгон учурда калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдын кесепетинен коргоо, күч-каражаттардын даярдыгын текшерүү жана жабыркаган калкты ар тараптуу камсыздоо боюнча мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү багытындагы Жарандык коргонуу кызматтарынын, жетекчи курамдын иш аракеттери каралып, тиешелүү баа берилди. Коюлган тапшырмаларды өз убагында аткарып, убактысы менен так маалыматтарды облустук башкаруу пункту – КР ӨКМнин Нарын облустук башкармалыгына берүү милдеттендирилди.

Мындан тышкары, А.Кайыпов, кечээ, 27-мартта, саат 17-00 чамасында болуп өткөн шамалдын кесепеттери боюнча мекеме жетекчилеринен маалымат алды. «Чыгышэлектро» ААКтын Нарындагы филиалынын директору Алмаз Жумакадыров Нарын шаары боюнча 6 участокто, ал эми Нарын району боюнча 8 участокто электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураганын билдирип, Нарын шаарында толук калыбына келтирилгенин жана Нарын району боюнча 4 участокто жумуштар аткарылып жатканын белгиледи. Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Мурат Алиаскаров шамалдын кесепети боюнча дарыгерлерге кайрылган жарандар жок экенин маалымдады.

Эске салсак, Штабдык окууга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкғмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 19.03.2018-жылдагы №05-06/518 усулдук көргөзмөсүнүн негизинде облустук деңгээлдеги иш кагаздары даярдалып, Жарандык коргонуу кызматтарына, тиешелүү мекеме-ишканаларга, райондун жетекчилерине жана Нарын шаарынын мэрине жеткирүү менен тапшырмалар коюлган.

Пикир

Оставить комментарий