• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарында жаңы ФАП пайдаланууга берилди

Ден соолук 0

Бишкек, 26.11.17 /Кабар/. Кечээ Нарын облусунун Кочкор районундагы Туз айылына заманбап фельдшердик-акушердик пункттун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ССМ басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш салтанатына КРнын саламаттык сактоо министринин орун басары Амангельди Муралиев, “Qatar Charity” уюмунун аткаруучу директору Фейсал Аль-Фихайда жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышышты.

Имарат толугу менен аталган уюмдун каржылоосу менен курулуп, мамлекеттик стандартка ылайык бүткөрүлдү. Жугуштуу оорулар үчүн атайын өзүнчө эшик менен кирүүчү каана, педиатр, терапевт, эмкана, каттоо бөлмөсү жана санитардык түйүнү, жылытуу системасы менен толук түрдө ишке берилди. Мындан сырткары ичиндеги эмеректери, тиешелүү медициналык жабдыктары, дары дармек сактоочу аппараттары ж.б. керектүү шаймандары дагы уюм тарабынан камсыздандырылды.

Саламаттык сактоо министрлиги менен болгон келишимдин негизинде Катар кайрымдуулук уюунун каржылоосу менен 2017-жылдын ичинде 8 медклиника курулду. Анын алтоо ачылып ишке берилди. Жакынкы күндөрү калган үчөө ачылуу алдында турат.

“Кош бойлуу аялдарды каттоого алып, өз убагында кароодон өткөрүп, жаш балдарды ар кандай эмдөөдөн өткөрүп турууга жана оорулууларга алгачкы медициналык жардамды жеринен көрсөтүү үчүн мындай клиникалардын ар бир айылда болуусу шарт” –деп билдирди райондун акими.

Пикир

Оставить комментарий