• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарында жаңы жугуштуу оорулар ооруканасы ачылат

Аймак 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Нарын облусунда эртең жаңы инфекциялык оорукананын ачылышы пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, объект толугу менен бүткөн жана жакынкы убакытта бейтаптарды кабыл алууга даяр.

Эске сала кетсек, оорукананын курулушу 2020-жылдын август айында башталган. Медициналык мекеме 70 орунга ылайыкташтырылган. Оорукана Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий