• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарында жаңжал учурунда көчөдө бараткан адамга ок атылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Нарын шаарында күн мурун ресторандын жанында курал колдонуу менен жаңжал чыккан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Нарын облустук мимлициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрда саат 18:20 чамасында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн “102” кызматына Кулумбаев көчөсүндө жайгашкан "Корона" ресторанынын алдында ок атуу болуп, денесинен жаракат алган адам ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган билдирүү Нарын ШИИБи тарабынан каттоого алынган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда 23 жаштагы К.А. жана 21 жаштагы Т.Э. аттуу жарандардын ортосунда пикир келишпестиктен улам уруш чыккан. Жаңжалдын жүрүшүндө Т.Э. жанынан белгисиз ок атуучу куралды алып чыгып атканда, көчөдө бараткан Нарын шаарынын 23 жаштагы М.Д. аттуу тургунунун оң бутуна тийген.

Жаракат алган адам Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Бул окуя боюнча Нарын ШИИБи тарабынан КР Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш иши катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда шектүүлөр аныкталып, аларды кармоо иш-чарасы жүргүзүлүп жатат.

Милициядан белгилешкендей, жогорудагы жарандар уюшкан кылмыштуу топко эч кандай тиешеси жок.

Пикир

Оставить комментарий