• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында Анкара мэриясынын каражатына курулган бала бакча ачылат

Аймак 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Нарында Анкара мэриясынын каражатына курулган бала бакча ачылат.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетинин башчысы Энвер Демирел менен жолугушуп, анда Анкаранын Этимесгут муниципалитети тарабынан Нарын шаарында курулуп жаткан 100 орундуу бала бакча тууралуу сөз болду.

Тараптар бала бакчанын курулушу жакынкы аралыкта бүтөрүн канааттануу менен белгилешти. Мекеменин ачылышы 22-июлга пландаштырылган. Ачылыш аземине Этимесгут шаарынын мэри Э.Демирел баштаган жергиликтүү парламенттин депутаттарынан турган делегация катышат.

Маалымат катары: Боордош шаарлар – Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитети менен Нарын шаарынын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, Нарын шаарында бала бакча куруу боюнча 2021-жылдын апрель айында Этимесгут муниципалитети тендер өткөрүп, азыркы учурда Нарын шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнгөн жер тилкесинде курулуш иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий