• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында жалпы 34 жаран коронавирустан айыкты — өкүл Алымкулов

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Нарында жалпы 34 жаран коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусу боюнча илдетти 86 адам жуктурган.

"Илдеттен Жумгалда 10, Ат-Башыда 18, Кочкордо бир, Нарын шаарында 5 адам айыгып үйлөрүнө коё берилген. Ал эми коронавирус жуктургандардын абалы канааттандырарлык", - дейт Алымкулов.

Белгилей кетсек, 27-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 695ге жетти. Алардын ичинен 183ү медицина кызматкери. Илдеттен 395 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий