• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында Жарандык коргонуу боюнча пландан тышкаркы машыгуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 16-февралында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун жетекчилиги астында жаз айларында күтүлүүчү сел каптоо, суу ташкындарына даярдануу максатында Жарандык коргонуу боюнча пландан тышкаркы атайын машыгуу өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.

Облус боюнча Жарандык коргонуунун башкаруу курамына бүгүн саат 6.30да «ыкчам жыйын» кабарланып, жетекчи курам жыйынга чогулду. Машыгууга Нарын облусундагы Жарандык коргонуу комиссиялары, көчүрүү комиссиялары, кызматтар, чарба объектилери жана айыл аймактар тартылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын облустук Жарандык коргонуунун башчысы А.Кайыпов жана жарандык коргонуунун мүчөлөрү тарабынан облустук, Нарын райондук жана Нарын шаарынын инженердик техникаларынын кароосун №8 Жол тейлөө ишканасынын базасында өткөрүлдү.

Машыгуунун негизги максаты Жарандык коргонуунун башкаруу курамына тез кабар берүү схемасын практикалык түрдө текшерүү, кызматтарды өзгөчө кырдаалдарга карата даярдыка келтирүү планынын реалдуулугун текшерүү жана тактоо, облустук, райондук жана Нарын шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын, мекеме, ишканалардын күч каражаттарын, инженердик техникаларынын даярдыгын практикалык түрдө текшерүү, Нарын облустук Жарандык коргонуунун иш-чараларынын пландарынын реалдуулугун текшерүү, пландарды корректировкалоого багытталды.

Быйылкы жылдын январь-февраль айларында облус аймагында жааган кардын калыңдыгы 80-90 см, тоолордо жана кыштоолордо 1 метрден ашып, көп жылдык норманын чегинен жогору болууда. Кыргыз гидрометеорологиялык агенттигинин берген божомолу боюнча февраль айынын 3-декадасында жана март айында калың кар жаашы күтүлүүдө. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул кырдаалдын кесепетинен жаз айларында сел каптоолор, суу ташкындары жана өзгөчө кырдаарлдардын болуусу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий