• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарында жаштар арасында диний экстремизмдин алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Кечээ, 9-сентябрь күнү Нарын ОИИБнын жыйындар залында КР Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы менен Нарын ОИИБнын ЭММКАКтын кызматкерлери КР министрлер кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында “Жаштар арасында радикалдашууну жана диний экстремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери” аталышындагы семинарды өткөрүштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага ИИМ ЭММКАКнын, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, “Эл аралык толеранттуулук” фондунунун жана “Сейферуолд” эл аралык уюмунун, Нарын ОИИБнын (ШРИИБнүн) жетекчилиги жана кызматкерлери, Нарын шаарынын, Нарын жана Ат-Башы райондорунун жергиликтүү мамлекеттик, өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборлорунун, жаштар уюмунун мүчөлөрү катышты.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга ИИМнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы даярдаган буклеттер, китепчелер таратылды.

Андан сырткары ИИМ ЭММКАКнын, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, “Эл аралык толеранттуулук” фондунунун жана “Сейферуолд” эл аралык уюмунун өкүлдөрү “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдадын идеологиясы”, “Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу”, “Диний экстремизмдин алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу” аталышындагы атайын даярдалган слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилди.

Иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлдү сунуш-пикирлер угулду. Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү коомдук алдын алуу борборлорунун ишин уюштуруу, алардын компетенциясы, диний экстремизм жөнүндө болуп, берилген суроолор боюнча иш-чарага катышкан жергиликтүү мамлекеттик, өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборлорунун, жаштар уюмунун мүчөлөрү канааттандырарлык жооп ала алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, Нарын ОИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлмөкчү.

Нарын облустук милициясы Нарын облусунун тургундарын экстремизмге каршы күрөшүү үчүн укук коргоо органдары менен тыгыз байланышууга жана интернет булактарында чагылдырылган шек жараткан маалыматтарды жайылтпоого, экстремисттик, террордук уюмдар, алардын мүчөлөрү, кылмыштуу аракеттери (аракетсиздиктери), интернет булактарындагы шектүү материалдардын жайылышы жөнүндө жана башка экстремисттик көрүнүштөргө күбө жана кабардар болгон учурда Нарын ОИИБге, КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына билдирүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий